Баткен шаарында  коомдун активдүү өкүлдөрү арасында талкуу өттү

Бүгүн Баткен шаарында  “Жаштар- позитивдүү өзгөрүүлөрдүн жарчысы” долбоорунун алкагында тегерек үстөлдөгү талкуу өттү. Иш чарада Баткен облусундагы жаштардын көгөйлөрдү анализдөө, сынчыл ой-жүгүртүү жөндөмүн өстүрүү аркылуу, жарандык активдүүгүн жогорулатуу багытындагы алгылыктуу  тажрыйбаларды баяндоо жана ишмердүүлүктү мындан ары жакшыртуу жолдору талкууланды.